КЕМЕР I
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Сырткы бети алтын, күмүш, асыл таштар менен кооздолгон жазы кайыш кур. Аркага найза матырды, Кемердин четин жапырды («Манас» С. О.). Камалбек кемерин кармап чалкалай калды (Жантөшев). Алтын кемер курчанган, Айдай беттен нур тамган («Семетей»). Кара тукаба күрмөсүнүн сыртынан күмүш кемерин жаркырата курчанган Алымкул ырчы отурат (Каимов). Күрмөсүн чечип курчанды, Күмүштөн Карач кемерин.